6-февралдан тарта карызы бар бишкектиктердин электр жарыгы өчүрүлөт
Бишкекте электр энергиясына карызы бар абоненттер көбөйдү. Мындан улам 6-февралдан тарта электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасы карызы бар 7 миңден ашык абонентти дистанттык түрдө өчүрөт. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Компаниянын маалыматы боюнча, өткөн жылдын декабрь айында жана 2023-жылдын январында катуу суукту эске алып, карызы бар абоненттердин жарыгын өчүргөн эмес.
"Дебитордук карыздын өсүүсү электр тармактарын жана жабдууларды тейлөөгө түздөн-түз таасирин тийгизерин белгилейбиз", - дешет ишканадан.
Электр энергиясына карызыңыз бар же жок экенин кантип билүүгө болот?
- компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмүнөн;
- "Менин жарыгым" мобилдик тиркемесинен;
- күнү-түнү иштеген 1209, 0772 00 12 00, 0702 00 12 09, 0556 00 12 09 номерлерине чалып;
- WhatsApp (0556 00 12 09) аркылуу билсеңиз болот.
Абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTC ("Кассир-24"), Megacom, O!, "Оңой" төлөм терминалдары аркылуу, анын ичинде O!, MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары аркылуу төлөй алышат. "РСК Банк", "Керемет Банк", "Дос-Кредобанк", "Бакай Банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Халык Банк", "KICB", "Оптима Банк" жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларында электр энергиясы үчүн төлөмдөр кабыл алынат.