Садыр Жапаров чогулткан президенттердин жолугушуусу. Эксперттер эмне дешет?
Учурдагы президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттери менен жолугушту. Жыйынга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышты. Аскар Акаев менен Алмазбек Атамбаев жолугушуу тууралуу буга чейин комментарий беришкен. Калгандары жолугушуу боюнча үн ката элек.
Бул жолугушууну эксперттер кандай баалашат? Ал эмнени түшүндүрөт?
Аида Алымбаева, саясат таануучу:
- Алмазбек Атамбаевдин бошотулушу ушул окуяга байланыштуу. Мунун баары президент менен Камчыбек Ташиевдин алдын ала пландалган сценарийи болчу. Бул окуялардын түйүнү бир. Ал эми максат - Бакиевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата оор кылмыш иштери козголгонуна карабай, аны Кыргызстанга алып келүү. Бакиев жана анын бир тууганы өтө узак мөөнөткө кесилген.
Жыйын мурунку саясатчылардын тарапташтарынын, элдин биримдиги үчүн болгон жок. Азыркы бийлик Бакиев менен байланышы бар экени бир нече жолу айтылып, бул жолугушуу аталган божомолду тастыктады. Отунбаева, Жээнбеков, Атамбаев Кыргызстанда жашап жатат, ал тургай Акаевдин да өлкөгө келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин баарыбыз билебиз. Бир гана Курманбек Бакиевде андай мүмкүнчүлүк жок. Азыр көпчүлүк үчүн кыргыз элинин алдында өзүн реабилитациялоо жана финансылык агымын мыйзамдаштыруу маанилүү.
Садыр Жапаров адилеттүүлүккө, мыйзамды сыйлаганга каршы ушундай жолугушууларды уюштуруп жатканы өкүнүчтүү.
Элдин сезими менен ойноо бул азыркы бийликке болгон нааразылыктын күчөшүн, социалдык-экономикалык кризисти, коррупциянын, уюшкан кылмыштуу топтордун күчөп баратканын, реформанын жоктугуна байланыштуу нааразычылыктарды басаңдатуу аракети. Саясатташтыруунун интенсивдүүлүгүн басаңдатуу керек болчу.
Элдин пикири, 2010-жылы 90 жигиттин өлүмүнө өкүм чыгарган соттун пикири такыр эске алынган жок. Жөн эле кабыл алуу жана кечирип коюу абдан уят.
Чолпон Жакупова, юрист:
- Мындай деңгээлдеги жолугушуу кокусунан жана капысынан болбойт. Ал алдын ала даярдалат. Ал эми азыркы администрациянын ишмердүүлүгүн талдай турган болсок, анда ал көпчүлүк учурда бардык көйгөйлөрдү жана пикир келишпестиктерди күч колдонуу менен – отургузуу жана "кустуризациялоо" менен чечкен. Азыр талаш-тартыштарды күч менен чечүү ыкмасынан саясий ыкмага өтүү жүрүп жатат. Мунун өзү эле позитивдүү. Бул коомдогу чыңалуунун деңгээлин азайтуу аракети.
Бирок жолугушуу жогорку деңгээлде өткөн. Баш мыйзамдын кепили жана анын командасы аны бардык жагынан камсыздандыруусу керек болчу.
Биринчи эле пайда болгон суроо - мыйзамдуулук. Конституциянын кепилдиги - мыйзамдын сакталышы. Бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле кылуу керек. Өзгөчө жолугушуу өлкөдөн тышкары аймакта болсо дагы. Себеби, аларга карата кылмыш иштери жабыла элек же экстрадициялоо боюнча өтүнүчтөр бар.
Президенттин командасы пиар-стратегиясын да, маселенин юридикалык жагын да иштеп чыккан жок.
Алмазбек Атамбаев бул теманы жандантты, анткени ал саясаттан кеткен эмес. Ал тургай ал өзүн эске салып, коомдун назарынан кеткен эмес, эркиндикке чыгуу үчүн эл аралык саясатчыларды дагы тартты.
Атамбаев эл жолугушууга макул экенин айтып, экинчи маселе стабилдүүлүктү орнотуу экенин айтты. Демек, анын бири кайра кайтаруу экенин белгиледи.
Мыйзам иштеши керек, ошондо балким, ага берилген баалар жакшы болмок. Анткени, Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам жагынан башаламандык болуп жатат. Олуттуу иштер бар, бул иш да ошолордун бири, мындан аркы орчундуу нерселер ушул иштин жыйынтыгы аркылуу бааланат. Элди түбөлүккө СИЗОдо камай албайсың. Мыйзамга баш ийиш керек, антпесе ал кайра эле сенин башыңа түшүп калат.
Президент бул институт, анда иштеген адамдар мамлекет башчысынын аты булганбагандай иш кылышы керек.
Кырдаалды башкы прокурор түшүндүрүшү керек. Ал көзөмөлдөөчү орган катары кимдир-бирөөнүн канча кылмыш иши бар экенин жана кайсы стадияда экенин, экстрадициялоо боюнча канча өтүнүч бар экенин билет.
Зайнидин Курманов, Жогорку Кеңештин экс-спикери, саясат таануучу:
- Азырынча жыйынтык чыгарууга эрте. Элдешүү сунушун узакка созулган саясий кризистен чыгууга мүмкүнчүлүк катары кароо керек. Өтө аз убакыт өттү. Көбүк тарасын. Жыйынтык чыгарууга шашпоо керек. Мен муну тарыхчы катары айтып жатам.
Эл өз турмушу менен алек. Дүрбөлөң социалдык тармактарда гана түшүп жатат. Ал - өзгөрүүнү колдогондор менен каршылардын ортосунда, чыныгы каармандардын, тролль фабрикалардын, кызыкчылык топторунун ортосунда.
Азыр дүйнө жүзүндө адамдардын аң-сезими, таасири, байлыгы, ресурстары үчүн маалыматтык согуш жүрүп жатканын унутпайлы. Саясий процесстин башталышын гана көрүп жатабыз – президенттин демилгеси, анын социалдык тармактарда, массалык маалымат каражаттарында талкууланышы. Биз бардык плюралисттик коомдорго мүнөздүү болгон ар кандай өкүмдөрдү, баа берүүлөрдү, кутумдук теорияларды көрөбүз. Деталдары, шарттары, механизмдери бизге азырынча белгисиз.
Президент бир гана максатты белгиледи - тараптарды биримдикке чакыруу, эмоциаларды басуу, болуп жаткан ажырымдарды жана мүмкүн болгон кризистерден чыгуу.
Гумандаштыруунун жана демократиялаштыруунун шарттарында ар бир өкмөттүн милдети: өзүнүн аркасынан тынчтыкты жана жогорку жыргалчылыкты калтыруу. Адамдар да жер бетинде тынчтык жана бейпилдик болушун кыялданышат. Башка шарттарда өнүгүү мүмкүн эмес.
Процесс оңой болбойт. Анткени, элдешүү моралдык гана эмес, балким, укуктук жана саясий аспектилерге ээ болот.
Андыктан президенттин бул демилгеси кандай өнүгөт деп чыдап, күтүшүбүз керек.