"Альянс Алтындын" колдоосу менен IT-мектептин эки бүтүрүүчүсү Aifello`го ишке орношту
RU

"Альянс Алтындын" колдоосу менен IT-мектептин эки бүтүрүүчүсү Aifello`го ишке орношту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын 6-мартында Талас мамлекеттик университетинде "Альянс Алтын" ЖЧКсы менен россиялык Aifello компаниясынын биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылган IT-технологияларды функционалдык тестирлөөнүн негиздери боюнча эки айлык курстун акыркы туру болуп өттү.

Маалыматтык технологиялар тармагында адистешкен Aifello компаниясы 15 студентке эки айлык окуу уюштуруп, алардын 11и IT технология боюнча кесиптик курстарды аяктагандыгы тууралуу тиешелүү сертификаттарга ээ болушту. Сынактан эң жогорку балл алган эки бүтүрүүчү орусиялык компанияга иштөөгө чакыруу алышты. Калгандары кадрдык резервге киргизилди. Студенттерге берилген сертификат Кыргыз Республикасынын IT-компанияларында программалоо тармагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Сертификаттарды тапшыруу иш-чарасына Талас мамлекеттик университетинин ректору Самат Жумалиев жана "Альянс Алтындын" коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Канатбек Сарчаев катышты. Алар долбоордун катышуучуларын ийгиликтүү иши менен куттуктап, баалуу билимди акысыз алууга мүмкүнчүлүк түзгөн "Альянс Алтын" компаниясына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Өз кезегинде россиялык IT-эксперттер кыргызстандык жаштардын активдүүлүгүнө баа берип, алардын профессионалдык чөйрөдөгү жогорку потенциалын жана келечегин белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://takprosto.kaktus.media/10740