Нарындын тургундары президент менен жолугуп, көйгөйлөрүн айтышты
RU

Нарындын тургундары президент менен жолугуп, көйгөйлөрүн айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Нарын облусуна иш сапары менен барды. Өлкө башчы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, "Нарын" аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, жергиликтүү тургундар облустук администрациянын алдына чогулуп, контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелерин көтөрүштү.

Садыр Жапаров чогулгандарга салык жол-жоболорун фискалдаштыруу биринчи кезекте ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана республикалык бюджетке салык жыйымдарын көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жатканын, бул жаңы жолдорду, социалдык объектилерди курууга, эмгек акыны, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүрдү.

Көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилип, Садыр Жапаров аларды приоритеттүүлүгү менен чечүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://takprosto.kaktus.media/10836