Ноокен районунда төрөт үйү курулду (фото)
2033
Ноокен районунда 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылы Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 57 миллион сомго 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушу башталган.
Ага бөлүнгөн каражаттар:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 26 млн сом каржыланган;
- Кочкор-Ата шаарынын бюджетинен 37 млн сом бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө курулуш иши бүтүп, пайдаланууга берилди. Төрөт үйү Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков, Бүргөндү, Достук айыл аймактарынын тургундарын тейлейт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/12332