Ысык-Көлдө 150гө жакын мыйзамсыз объект табылды. Иштер сотко өтөт
RU

Ысык-Көлдө 150гө жакын мыйзамсыз объект табылды. Иштер сотко өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунда өз алдынча курулган объекттерди аныктады. Бул боюнча топтолгон материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет дешет аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан.

Белгиленгендей, мамлекеттик агенттиктин комиссиясы Ысык-Көл облусунун аймагында пансионаттарды, эс алуу жайларын курууда эрежелердин сакталышын жана саркынды сууларды иштетүүчү курулмаларды текшерип, мониторингин аяктады. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 146 объектте мыйзам бузуу аныкталган.

Бардык 146 объект боюнча материалдар сот жана укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://takprosto.kaktus.media/12411