Компаньон банкы "Финанс жана инвест эсептер" китебин басып чыгарууну колдоду
RU

Компаньон банкы "Финанс жана инвест эсептер" китебин басып чыгарууну колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Компаньон Банктын колдоосу менен Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган "Финансы жана инвест эсептер" китеби 1000 нускада басылып чыкты.

Китеп жөнөкөй математикалык тилде жазылып, татаал темалар жомоктордун жана турмуштук мисалдар аркылуу түшүндүрүлгөнү менен өзгөчөлөнөт. Ал акчаны туура пайдаланууга үйрөтөт.

Бул китепти Борбордук Азия Университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Кыдыралиев Сыргак Капарович, "Манас" КТУнун профессору, физика-математика илимдеринин кандидаты Урдалетова Анаркүл Бурганаковна жана профессор, экономика илимдеринин доктору Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич биргеликте жазышкан.

Авторлор китептин бет ачарын өлкөнүн окуу жайларында өткөрүүдө. Буга чейин китеп менен таанышуу Караколдогу облустук билим берүү институтунда жана "Манас" кыргыз-түрк университетинде болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараларга Улуттук банктын, Компаньон Банктын өкүлдөрү, окуу жайдын ректору, окутуучулар жана студенттер катышты.

"Бул китепте пайыздарды эсептөөгө байланышкан актуалдуу суроолор кызыктуу мисалдар менен берилген, ошондой эле маселелер турмуштук кырдаалдар аркылуу каралат", - деп белгиледи Мусуралиев Кубаныч, КР Улуттук банкынын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында Компаньон Банк Каракол шаарындагы институтка 30 китеп, ал эми "Манас" университетине 150 китеп тартуулады – алар боюнча Экономикалык университеттин студенттери билим алышат. Ошондой эле банк китептерди өлкөнүн бардык аймактарына таратууну пландап жатат.

"Китеп финансы жана математикага кызыккан кичинекей балдардан тартып, өлкөнүн финансы тармагынын өкүлдөрүнө чейин ар бир жаранга пайдалуу жана кызыктуу болот", - деп белгиледи Анаркүл Урдалетова.

Өз кезегинде Сыргак Кыдыралиев, бул китеп жаш муунду финансыны ишенимдүү жана компетенттүү башкарууга багыттоого жардам берип, жыйынтыгында өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Компаньон Банк Кыргызстандын алдыӊкы финансылык мекемеси болуп саналат жана ошону менен бирге өзүнүн бакубатчылыгы үчүн ойлонулган жана жоопкерчиликтүү финансылык чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү жана сабаттуу коомду түзүүгө активдүү катышып келет.

Компаньон Банк коомчулукту колдоо бөлүмү бар өлкөдөгү жападан жалгыз банк жана анын адистери калктын финансылык жана санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган ар кандай иш-чараларды жана программаларды дайыма активдүү өткөрүп келет. Бул иштер семинарларды, вебинарларды, билим берүү иш-чараларын жана финансыны башкаруу жаатындагы көндүмдөрдү кеӊейтүүгө өбөлгө түзгөн демилгелерди камтыйт", - деп бөлүштү банктын өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://takprosto.kaktus.media/14837