Бир катар журналисттер ИИМде сурак беришти. Маалымат толукталды
Бүгүн, 16-январда бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын айрымдары ИИМге жеткирилди. Иликтөөчү журналист Болот Темиров кабарлагандай, Temirov Live`дын кызматкерлерине 278-берене ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен иш козголгон.
Саат 10:45ке карата тинтүү жүргүзүлгөн жана суракка жеткирилгендер:
- Махабат Тажибек кызы (Temirov Live`дын директору)
- Сапар Акунбеков ("Айт Айт Десе")
- Азамат Ишенбеков (акын, "Айт Айт Десе")
- Сайпидин Султаналиев ("Арча Медиа")
- Актилек Капаров ("Алга Медиа")
- Тыныстан Асыпбеков ("ПолитКлиника")
- Максат Тажибек уулу (Temirov Live)
- Жоодар Бузумов (Temirov Live`дын мурдагы кызматкери)
- Айке Бейшекеева
- Жумабек Турдалиев
Болот Темиров белгилегендей, Temirov Live`дын кеңсесинде күч кызматкерлери тинтүү жүргүзүүдө. Бирок жактоочуну киргизбей койгону маалым болду.
Саат 12:10го карата Temirov Live`дын кеңсесиндеги бардык техникалык жабдыктарды күч кызматкерлери эки унаага жүктөп кетти. Болот Темиров Facebook`ка жазгандай, аталган медианын директору Махабат Тажибек кызын ИИМдин Тергөө кызматына алып кетишти.
Жактоочу Баатырбек Ботобеков Temirov Live командасындагы 4 журналист сурак бергенин, бирок аларды мыйзамсыз кармап отурганын айтты.
Белгилесек, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлер, ноутбуктар жана башка буюмдар алынган. Ошондой эле редакциянын директору, башкы редактору жана шеф-редактору УКМКга суракка берип чыгышкан.