Светтин өчүрүлүшү боюнча графиктер соцтармактарга жарыяланат
1950
Өлкөдө электр энергиясы эң көп керектелген - эртең мененки жана кечки убакта колдонууга чектөөлөр киргизилет. Энергетика министрлигинен кыска мөөнөттүү өчүрүүлөрдүн графиктери электр тармактарынын ишканаларынын расмий сайттарында, Facebook, Instagram баракчаларында жана ЖМКларда жарыяланат.
Расмий сайттар:
- Бишкек электр тармактар ишканасы - http://bipes.nesk.kg
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасы - http://jpes.nesk.kg
- Ысык-Көл электр тармактар ишканасы - http://ipes.nesk.kg
- Нарын электр тармактар ишканасы - http://npes.nesk.kg
- Ош электр тармактар ишканасы - http://oshpes.nesk.kg
- Талас электр тармактар ишканасы - http://tpes.nesk.kg
- Чүй электр тармактар ишканасы - http://chupes.nesk.kg
Министрликтен керектөөчүлөрдү кырдаалга түшүнүү менен кароого жана электр энергиясын үнөмдөөгө, максималдуу керектөө убагында бир эле учурда бир нече энергияны көп талап кылуучу электр шаймандарын колдонбоого чакырат.
Электр энергиясына байланыштуу маселе жаралса "Кыргызстан улуттук электр тармагынын" күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылып, тактаса болот: 105, 1209, +996 772 001209; +996 702 001209; +996 556 001209 (WhatsApp).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/15687