Ушул аптада аба ырайы өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаайт
613
26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөрүн эскертет.
27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°
- республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3°…+2°, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° чейин төмөндөйт
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/17442