Садыр Жапаров Сельчук Байрактарды "Даңк" ордени менен сыйлады
RU

Садыр Жапаров Сельчук Байрактарды "Даңк" ордени менен сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Baykar Technology компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жолугушууда аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргоонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы Baykar Technology сыяктуу алдыңкы эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты бекемдөө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, улуттук аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жана регионалдык коопсуздукту бекемдөөдө негизги ролду ойноорун баса белгиледи.

"Сельчук Байрактар Baykar Technology компаниясы Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин айтып, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу жана потенциалдуу коркунучтардын алдын алуу үчүн натыйжалуу токтотуучу факторду түзүү маселелеринде заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилей кетти", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды "Даңк" ордени менен сыйлады.

Ал эми Сельчук Байрактар президентке канаттарында "Манас" эпосундагы негизги учурлар чагылдырылган "Акынжы" учкучсуз учуучу аппаратынын сувенир-макетин тартуу кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://takprosto.kaktus.media/17626