Жакында Венгрияда да Кыргызстандын элчилиги ачылат
Бүгүн, 9-сентябрда Садыр Жапаров "Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилигин түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында токтом кылынат:
Будапешт шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:
- Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү.