Кайсы медициналык колледждерде практика жок? Тизме
8173
Кыргызстандагы 12 медициналык колледжинде практика өтүү үчүн толук кандуу шарттар түзүлгөн эмес. Мындай маалыматты Саламаттык министрлиги таратты.
"Саламаттыкты сактоо системасына сапатту кадрлар керек", - деп билдирүүдө жазылган. Министрлик Билим берүү министрлигине расмий түрдө кат жөнөтүп, төмөнкү медициналык колледждер боюнча тиешелүү чечим кабыл алууну талап кылат:
- Ош регионалдык медицина колледжи;
- К.Ш. Токтомамтов атындагы эл аралык медицина колледжи;
- "Авиценна билим" медицина колледжи;
- Н.И. Пирогов атындагы медицина колледжи;
- "Уникум" кыргыз медико-социалдык колледжи;
- Ысык-Көлдүн медико-стоматологиялык колледжи;
- Кочкор-Ата регионалдык колледжи;
- ИСИТО медицина колледжи;
- "Дулдул тоо" Араван колледжи;
- С.Тентимишев атындагы АзМИ медицина колледжи;
- Илим жана бизнестин эл аралык университети (МУНИБ) медицина колледжи
- Медико-фармацевтикалык колледж.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/6437