Май айында 9 күн катары менен эс алабыз
4513
Министрлер кабинети май айындагы дем алыш күндөрдү жылдыруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, беш күндүк график менен иштегендер үчүн 1нен 9-майга чейин дем алыш күн болуп саналат.
- 30-апрелде иштеп (ишемби), анын ордуна 4 майда (шаршемби) дем алыш күн болот ;
- 14-майда иштеп (ишемби), анын ордуна - 6-майда (жума) эс алабыз.
Эске салсак, 1-майда республикада Эл аралык эмгек күнү белгиленет, 2-майга Орозо айт туш келүүдө. 3-май дем алыш күн, себеби 1-май жекшемби күнгө түшүп калууда. 5-май Конституция күнү. 7си жана 8и ишемби жана жекшемби күндөр. 9-май - Жеңиш күнү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/6491