ЖРТнын жыйынтыгы чыкты. Быйыл эң жогорку балды ким алды?
6563
2022-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:
- Бишкек шаарынан - 35 окуучу
- Ош облусу - 7 окуучу
- Ысык-Көл облусу - 5 окуучу
- Чүй облусу - 4 окуучу
- Баткен облусу - 3 окуучу
- Нарын облусу – 2 окуучу
- Жалал-Абад облусу -1 окуучу
Быйыл эң жогорку балл - 235. Аны Бишкек шаарындагы № 70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды.
24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/7272