Муз тийгизбеңиз. Күнгө күйгөндө эмне кылууга болбойт?
4338
Күнгө күйүп, эми эмне кылуу керектигин билбей жатасызбы? Анда бул маалымат сиз үчүн.
Күнгө күйгөндө эмне кылганга болбойт?
- Күйгөн жерлерге муз койбоңуз жана муздак сууга жуунбаңыз. Температуранын кескин төмөндөшү сезгентүүчү процессти тездетет.
- Эгер ыйлаакчалар пайда болсо, ийне же башка учтуу нерселер менен жарбаңыз.
- Терини курамында спирти бар заттар менен сүртпөңүз. Тери нымданууга муктаж болуп турган убакта, мындай каражаттар аны тескерисинче кургатат.
- Териге зайтун, күн карама жана башка өсүмдүк жана жаныбардардын майларын сыйпабаңыз.
- Жуунганда терини катуу жуунучу каражаттар менен жышып жуубаңыз.
- Териңиз калыбына келмейинче күн алдына коргоочу нерсеси жок чыкпаңыз. Жабык кийимдер менен чыгыңыз.
Күнгө күйгөндө эмне кылыш керек?
- Салкын сууга жуунуп, андан кийин нымдоочу кремдерди колдонуңуз.
- Көбүрөөк суу ичиңиз. Себеби тери күнгө күйгөндө сууну теринин үстүнө тартып, дененин башка бөлүктөрүнө жетпей калышы мүмкүн.
- Дене күнгө күйгөндө ага каршы каражаттарды колдонордон мурун дарыгерлер менен кеңешиңиз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/7309