Караколдо 13 миллион сомго даараткана куруу пландалууда
3316
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 5 даараткананын курулушуна 12 млн 939 миң сом коротуу пландалууда. Тендер 29-августта жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу сайты жарыялады.
Ар бир даараткананын курулушуна 2 млн 587,8 миң сомдон каралган.
Тендер Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан жарыяланган. Арыздар 14-сентябрга чейин кабыл алынат.
Курулчу дааратканалардын даректери:
- Парковая көчөсү, 10;
- Алыбаков көчөсүндөгү Тагай бий атындагы парктын аймагында;
- Тыныстанов жана Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Токтогул көчөсүндө (Асаналиевди кесип өтөт), Кайың паркынын аймагында;
- Пушкин атындагы сейил бактын аймагында.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/8133