Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады
2022
Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады. Өлкө башчы 1-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келгенин президенттик администрациядан кабарлашты.
Иш сапарынын алкагында:
- Садыр Жапаров БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы өнүгүп жаткан кызматташуу келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардын маселелерин талкуулашты.
- Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Анын ичинде 1 миллиард 200 миллион доллар суммасына чейинки ири коммерциялык өнүгүү долбоорлорун ишке ашырууну көздөгөн, уставдык фонду 100 миллион доллар болгон биргелешкен холдингдик компания түзүлдү.
- Ошондой эле иш сапардын алкагында мамлекет башчысы "Wahat Al Karama" мемориалдык комплексине барып, мекени үчүн курман болгон БАЭ баатырларынын элесине таазим кылып гүлчамбар койду.
- Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль Нахаяндын күмбөзүнө, ошондой эле шейх Заеддин ысымы ыйгарылган мечитке барды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/9113