Жаңы жылда салюттарды аттырууда муну эске алыңыз
6890
1-январга караган түнү сааттын жебеси 12:00дү какканда салюттар, фейерверктер атылып, айлана түркүн түскө боёлот. Сиз дагы пиротехникалык каражаттарды камдап койдуңузбу?
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору петардаларды колдонууда сак болууга чакырып, бир нече кеңештерди сунуштады.
- алгач эле сатып алууда эрежелерди сактаңыз;
- мындай каражаттарды кутуларга салып сактаңыз;
- үйдүн ичинде, жабык имараттарда же күйүүчү нерселердин жанына аттырбаңыз;
- балдарга пиротехникалык каржаттарды чоңдордун көзөмөлү астында гана бериңиз;
- салюттарды, фейервектерди аттыруу учурунда 5 метр алыс туруңуз;
- эгерде жарылбай калса пиротехникага 5 мүнөттөн эрте жакындабаңыз;
- петардаларды уруксатсыз сатылган жерлерден алуунун ордуна, сатууга уруксат берилген дүкөндөрдөн алыңыз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/9746