Ошто айыл башчынын орун басары 4 миң доллар опузалаган деп кармалды
1810
Ошто айыл башчынын орун басары 4 миң доллар акча талап кылганга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашат.
Белгилүү болгондой, Карай-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары М.Б.С. жергиликтүү тургундан 4 миң доллар талап кылган. Болбосо жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомду жокко чыгарам деп коркуткан.
11-январда 86 миң сом өлчөмүндө каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен 1988-жылы туулган М.Б.С. кармалды.Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылып жатканы белгиленди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/9890