Алмамбет Шыкмаматов кызматка дайындалды
1810
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болду.
19-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шыкмаматовду кызматка дайындоо боюнча буйрукка кол койду.
Белгилесек, 17-январда Кудрет Тайчабаров "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) жетекчиси кызматынан кетүү арызын жазган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://takprosto.kaktus.media/9998